Коомдо элеттик айымдардын ролу чоң

Элеттик айымдардын жана кыздардын  эмгектери канчалык баалуу экенин коомчулукка эскертип туруу үчүн,  1995-жылы Пекинде өткөн БУУнун 4-аялдардын жыйынында 15 октябрь элеттик айымдардын күнү сунуш кылынган. Статкомдун маалыматында, былтыр Кыргызстандын калкынын 65 пайызын аялдар түзгөн. Алардын басымдуу бөлүгү айылда жашайт.

      120417_003 - My Recording

Айылдан чыккан, бирок учурда жардамга муктаж болгон  шаардыктардын жана элеттиктердин маселесин чечкен Жылдыз Талгат кызынын, ийгиликтүү тажрыйбасы жөнүндө биздин сюжетте сөз кылабыз.

Жылдыз айылдагы жаштарга мотивация берип, “Жардам Талас” деген демилгелүү топту уюштурган. Азыркы күндө бул топто 100гө жакын жаш волонтерлор кызмат кылышат, мындан тышкары улуу муундагы адамдар дагы мүчө. Жылдыз топтун жетекчиси катары Талас  облустагы кем багал үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам берип келет, ошондой эле облустун тазалыгына көп күч жумшайт.

«Менин жумушумда кыйнчылык бар, бул дайындаган кыйын, эдин ар кандай сөздөрү болот, акча чын эле өз максатына жетип жатабы деген. Тааныштарымда деле тушүнбөстүк болду, мусор чогулткандан көрү, жумуш таппайсыңбы, турмушка чыкпайсыңбы деп. Бирок мен ойлоймунда, 100 адам болсо, экөөсү нааразы сөздөрү айтса, токсон сегизи жакшы сөз айтат. Ошол мага мотивация болуп, дагы-дагы түрткү болот алдыга».

Жылдыз бул топту ачканына 2 жылдын жүзү болду. Ушул убакытта топтун мүчөлөрү облустун айылдарына кайрымдуулук концерттерин ушутурушту, муктаж болгон үй-бүлөөлөргө демөөрчү табышып тамак-аш, кийим кече жана балдар үчүн окуу куралдары менен жардам берип келет. Жылдыздын айтуусу боюнча, бул жетишкендиктеринин бир себеби, бул ата-энесинин дайыма колдоосу. Талгат Дуйшекеев, Жылдыздын атасы. Ал дайыма биздин каарманыбызга жардам берип, өз кеңешин айтып турат.

«Албетте кызымдын кылган иштерин толугу менен колдоймун. Колдон келсе, өзүм дагы катышканга аракет кыламын. Элге пайда берип жатканына мен кубанамын. Кызыма толук ишенемин. Уул-кыздарга ачык сүйлошкүлө, өзүнүн оюн айтканга мүмкүнчүлүк бергиле».

Билимдүү, эмгекчил, күчтүү, ошол эле убакта өзүн коомдук иштерге арнаган, каршылык көрсөтпөй, бардык кырдаалды кабыл алган, дайыма жанында жүргөн адамдардын маанайын көтөргөн айым деп Жылдызды ыктыярчылары сүрөттөшөт.

Жусуп Баласагун айткандай «Адам өлсө, сөзү калат артында, жакшы атагы жашай берет калкында».  Урматка татыктуу кыздардын саны өсүшү үчүн, ата-энелердин жана коомдун салымы чоң.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова

 

Рубрика: Без рубрики | Метки: , , | Оставить комментарий

Защищенная девочка, приносит счастье в семью

11 октября отмечается Международный день девочек, который был провозглашен Генеральной Ассамблеей ООН в декабре 2011 года в знак признания прав девочек. Эта дата призывает сосредоточить внимание на необходимости решения проблем, с которыми сталкиваются девочки во всем мире, и поощрять расширение прав и возможностей девочек и осуществление их прав.

      Сюжет16_День девочек

Айжамал Шамбетова, заместитель Акима Бакайатинского района, она отметила важность этого дня:

«Эксперты полагают, что защищенное детство, соблюдение прав девочек — это все создает предпосылки для долгой, счастливой, активной жизни женщин. Мы должны соблюдать права девочек, это очень важно для нас, ведь защищенная девочка она принесет чувства счастья и защищенность через всю жизнь».

Девочки — подростки имеют право на безопасность, образование и здоровье не только в период критически важного становления, но и по мере взросления и превращения в женщин. При эффективной поддержке во время подросткового возраста девушки могут реализовать свой потенциал и изменить мир к лучшему, став матерями, работниками, предпринимателями, наставниками, главами домохозяйств и политическими лидерами.

Распечатывание кисти руки на 3Д-принтере, думаете  из области фантастики? А вот и нет. В Кыргызстане этим занимается девушка программист. Салтанат Алиева, выпускница программы TechWomen, уже создала протез кисти руки для девочки и планирует запустить социальный проект в этом направлении.

Предоставление женщинам и девочкам равного доступа к образованию, медико-санитарному обслуживанию, достойной работе и участию в процессах принятия политических и экономических решений будет способствовать достижению устойчивости экономики и принесет пользу обществу и человечеству в целом.К сожалению, по некоторым оценкам, одна из пяти женщин и девочек в возрасте 15-49 лет испытывает физическое или сексуальное насилие хотя бы раз в жизни, это данные ООН.

И в завершении,  от чистого сердца поздравляю с Международным днём девочек. Желаю, чтобы в их жизни было как можно больше не только ярких бантиков, заколок и резиночек, красивых платьиц, юбочек и блуз, весёлых игр, путешествий и затей, добрых историй, сказок и людей, чудесных сновидений, увлечений и событий. Но и свершение грандиозных планов, реализация талантливых историй и событий.

Подготовила: Айжамал Кубанычбекова

Рубрика: Без рубрики | Метки: , , , | Оставить комментарий

Аялдардын шайлоого катышуусу маанилүбү?

«Бакай-Ата FM» жамааттык радиосунун түз эфиринде, 9 октябрда «Демократия сааты» программасынын алкагында, аялдардын шайлоодогу активдүүлүгү тууралуу сөз болду. 

Уктуруубузду Кыргызстандагы аялдардын өлкөнүн саясий турмушуна катышуу маселесин козгодук. Өлкөдө учурда аялдардын саясий активдүүлүгү кандай? Аялдар алдыда боло турган шайлоолорго канчалык жигердүү катыша алышат? Ушул суроолорго, атайын чакырылган коноткор жоопберип, кызыктуу маек курушту.

Айрым иликтөөлөрго караганда, соңку жылдары Кыргызстандын саясий турмушунда аялдардын орду төмөндөөдө жана мындай жагдай эң ириде өлкөдөгү оор экономикалык, социалдык абал менен шартталып жатат. Кыргызстандын калкынын 51 пайызын тузгөн аялдардын бүгүнкү күндөгү экономикалык, социалдык абалы оор бойдон кала берүүдө.

Эфирдин коноткору, журналист — Жоомарт Бейшеналиев, Өзгөрүш айылынын депутаты —  Токтобай Бечелов жана Бакай-Ата районунун аялдар кеңешинин төрайымы — Надира Сыдыгалиева болушуту. Программанын башында, 30% квота тууралуу баян даярдалды, ошондой эле социалдык тармактан түз эфир жүрүп жатты.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова

 

Рубрика: Без рубрики | Метки: , , , , , | Оставить комментарий

Партиянын ишмердүүлүгү тууралуу түз эфир

Кыргызстанда граждандык коомду жана демократиялык укутук мамлекетти курууда,  саясий ан сезим маданиятын жогорку деңгеелин калыптандыруу жана өнүктүрүү зарылдыгы күндөн күнгө өсүүдө. Саясат, саясий система, бийлик түшүнүктөрү бүгүнкү коомдук турмуштун ажырагыс бөлүгүнө айланууда. Бийликтин бир бутагы, партиялар тууралу туз эфирде сөз болду.

«Демократия сааты» программасынын алкагында, партия деген эмне, кандай укутарга ээ, ким партияга мүчө боло алат деген суроолорго туз эфирден, Аскар Шабданов жооп берди. Аскар Шабданов азыркы учурда Талас шаарынын депутаты жана ошондой эле «Кыргыз Демир Банкынын» Талас филиалынын жетекчисинин орун басары. Программа социалдык тармактарда дагы түз эфирде болду, окурмандардан кызыктуу суроолор түштү.

Эфирди толугу менен, 15 — октябрь саат 11:00до Бакай-Ата радиосунан уга аласыздар.

Даярдаярдаган: Айжамал Кубанычбекова

Рубрика: Без рубрики | Метки: , , | Оставить комментарий

Здоровая мать — будущее нации

Каждая из нас хочет быть красивой, молодой, счастливой, но поддерживать красоту и хорошее настроение каждый день без идеального здоровья практически невозможно.  Женской здоровье, важная тема для семьи и всего общества.

      120305_003 - My Recording

Читать далее

Рубрика: Без рубрики | Метки: , , | Оставить комментарий

Эркектердин ден-соолугу, улуттун келечеги

Кыргызстанда эрекектердин ден-соолугу учурда маанилүү көйгөй болуп келет. Саламаттык сактоо Министирлигинин билдиргени боюнча, 76% эркектер урология ооруларынан жабыртартышат. Ал эми Урология бөлүмүнүн билдиргени боюнча, көбүнчө бөйрөк жана жыныстык органдардын оорулары басымдуулук кылат.  Таза эмес экология, сапатсыз тамак-аш жана туура эмес жүрүм-турум ушундай факторлор адамдын ден-соолугуна терс таасир берип жатат.  

Читать далее

Рубрика: Без рубрики | Метки: , , | Оставить комментарий

Перспективы для молодежи

С 23-26 сентября в рамках Программы проводится анализ и обсуждение услуг для молодежи в 5 муниципалитетах-партнёрах Таласской области (г. Талас, АА Ак-Чий, АА Ак-Добо, АА Уч-Коргон, АА Арал). В процессе обсуждений участвуют представители местных администраций, ГАМФКС, молодежных советов, молодежных НПО и социальные работники на местах. Главная цель данного анализа — инициирование обсуждения услуг для молодежи в муниципалитетах. 

Цель программы GIZ «Перспективы для молодежи» — улучшение политики и мер, направленных на расширение участия молодежи в экономической и социальной жизни. Проект осуществляет деятельность в 4-х областях Кыргызстана: Таласской, Нарынской, Иссык-Кульской и Чуйской. Продолжительность Программы: 2019-2022.

В ходе встреч, участники поняли о важности услуг для молодежи и получили более детальное представление о том, как работа с молодёжью может быть улучшена. После первоначального анализа осенью 2019 года, Программа проведёт повторный анализ и среднесрочную оценку в конце 2020 года и окончательную оценку в конце 2021 года. 

Более подробная информация: https://www.facebook.com/prospectsforyouth/

Подготовила: Айжамал Кубанычбекова

Рубрика: Без рубрики | Оставить комментарий

Электр тармагын колдонуучулар үчүн Бакай-Ата радиосу түз эфир өткөздү

“Түндүк электр” ААК 01.07.2001 жылы “Кыргыз энерго” АКнын түзүмүн өзгөртүп уюштурунун натыйжасында түзүлгөн. Учурда ал Кыргыз Республикасындагы алдыңкы энергия камсыздоочу уюм.

Компания азыркы учурда базар (рынок) экономикасынын шартында  өзүн өзү актоо принцибинде Кыргызстанда ички рынок үчүн иштелип чыккан электр энергиянын 40% ашуун бөлүгүн бөлүштүрүү жана сатууну ишке ашырат жана  Чүй, Талас  облустарынын, Бишкек шаарынын чегинде жайгашкан чыңалуусу 35-10-6-0,4 кВ бөлүштүрүүчү электр тармактарын пайдалануу жана оперативдүү  тейлөөнү ишке ашырат.

2019-жылдын 1-июнуна “Түндүк электр” ААКнын 577 274 юридикалык жана  жеке жактар болгон кардарлары бар. Аба, кабелдик чубалгыларын, жогорку вольтту, төмөнкү вольтту электр желелерин жана энергетикалык жабдууларды  тейлөөнү, ошондой эле электр энергия сатып алуу, бөлүштүрүү, сатуу ишмердигин 20  аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү жүргүзөт.

Бакай-Ата районунун жамааттык радиосунун эфиринде, сентябрь айында атайын электр колдоонучулардын суранычы боюнча, эфирге «Түндүк электр» ишканасынын Таластагы филиалынын башчысы Акылбек Касымбаевич катышты.  Түз эфирде, социалдык тармактардан угармандар 10дон ашык суроо узатып, ар бири даректүү жооп алышты.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова

Рубрика: Без рубрики | Метки: , , , | Оставить комментарий

Анарбек Шукиев: Аймакты шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү көбүнчө ыктыярчылар

«Демократия сааты» программасынын алкагында, кезектеги эфир 23 сентябрь күнү болуп өттү. Эфир Фридрих Эбберт Фонду тарабынан каржыланып жатат.

Программанын коногу, коомдук көзкарандысыз эксперт Анарбек Шукиев болду. Эфирдин жүрүшү социалдык тармактарда түз эфирге чыкты. Темага ылайык, абдан маанилүү суроолорго угармандар жооп ала алышты. Шайлоо комиссиясынын ишмердүүлүгү, шайлоо комиссиясы канча түрлөргө бөлүнөт, ким комиссияга мүчө боло алат, канча шайлоо участкалары бир айылда иштеши керек, ушу сыяктуу суроолор болду. Ошондой эле мыйзамдар тууралуу дагы маалымат айтылды.

Эскерте кетсек шайлоого тийиштүү маалымат алууга, атайын Өкмөттүк сайт иштейт, ал жакта баардык маалымат кенениреек берилген.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова

 

Рубрика: Без рубрики | Метки: , , | Оставить комментарий

Улуттук көчмөндөр оюну башталды

Кечээ, 16 сентябрда Талас шаарынын Райкан Алканов атындагы ат майданында биринчи Улуттук Көчмөндөр оюндары башталды. Башталуу аземине толугу менен курулуш иштери аяктады. Көчмөндөр оюндары 16-21 сентябрь күндөрү, Талас облусунда өткөрүлүп жатат.

Биринчи спорттук оюндары көк-бөрүдөн башталды. Жалпысынан 9 команда катышат, 7 облус жана 2 шаар. Азыркы учурда жалпы байге фонду аныктала элек, күндөн күнгө спонсорлор көбөйүп, фонд  дагы өсүп жатат.  Райкан Алканов биринчи оюнчуларга өзүнүн батасын берди.

Иш-чара башталгандан бери, облустук милиция күчөтүлгөн тартипке өткөн. Баардык кызматкерлер оюн болуучу жерлерге, коомдук тартипти камсыз кылышат. 500 жакын адам кызматта, андан тышкары ардагерлер, элдик кошуундар жардам берүүдө. Бүгүнкү күнгө  эч кандай укук бузуучулук катталган жок. Келген конокторду жана тургундарды тартипке чакырып, милицияга жардам берүүнү өтунүнөбүз.

Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинде, театралдык шоу-программалар 19 сентябрда старт алат. Ар облустан келген коноктор өздөрүнүн чеберчилигин көрсөтүшөт. Ошондой эле концерттик бөлүм болот. Майрамдык кече, 21 сентярь саат 19:30 башталып, Кыргыз Республикасынын Президенти өзү катышуусу пландалууда.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова.

Рубрика: Без рубрики | Метки: , , , | Оставить комментарий