Бакай-Ата айылында саат 8:00 до Курман айт намаз башталып айт намаз окулду бул айт намазга Бакай-Ата, Үч-Эмчек жана Намат айылдын тургундары катышты. Бул Курман айт орозо айттан кийин 70-күндөн кайталанып келет, мындан тышкары үч айылдын тургундары Курман айт намазына жакын 300-адамга жакын катышты. Бул кундө Мусулман календары боюнча Зуль – Хиджаайдын 10-чу же 13-күнү майрамдалат жана Меккеге Сауд Арабияга барып сыйынып келүү менен жыйынтыкталат. Ыйык Куранда ар бир колунда шарты бар адам Меккеге барып сыйынуусу милдет делген.
Курман айт майрамында болсо Азирети Ибрахим пайгамбардын, алайхис салам, өзүнүн канынан жаралган сүйүктүү уулу Азирети Исмаил пайгамбарды, алайхис салам, курмандыкка чалууга камдануусун жана Исмаил пайгамбардын да өз атасынын мындай амалына чын жүрөктөн ыраазы боло моюн сунуп бергендигин, анан да Аллага чын жүрөктөн берилүүнү туюнтуу ниетинде малдарды курмандыкка чалуунун жана ошондой эле жогоруда аты аталган эки пайгамбардын Алланын бу дүйнөдөгү чоң сыноосунан өтүшкөндүктөрүнүн сүйүнүчтөрүн майрамдашат.
Ошондой эле Курман майрамынын арапа күнүнүн (айттан мурунку күндүн) өзгөчө пазилети бар. Анткени ажылыктын негизги түркүктөрүнүн бири болуп эсептелген вакфа (Арафат тоосунда туруу) ушул күнү аткарылат. Ал күнү дүйнөнүн төрт тарабынан ажылык милдетин өтөгөнү келишкен момун мусулмандардын баары Арафат тоосунда топтолушуп, Аллага жалынып жалбарышат. Арафаттагы мындай көрүнүш мусулмандардын биримдик менен биртуугандыкка маани берүүлөрүн ачык-айкын айгинелейт.
Даярдаган: Халмуратова Айчолпон