Бакай-Ата: Татин Малабекова кол өнөрчүлүгү менен кичинесинен бери алектенет

1 (6)
Бакай-Ата айылынын тургуну Татин Малабекова айылдын көпчүлүгүнө өз кол өнөрчүлүгү менен таанымал. Бакай-Атадан тышкары башка айылдардан да келип буйрутма берип кеткендер бар, дейт ал.

Татин Малабекова кол өнөрчүлүгү менен жаш кезинен бери алектенет. Ал быйыл бул өнөрдү таштоону каалаган.

“Ошондон бери таштай албай жатам. Быйыл таштайын дегем, бирок көнгөн жумушту таштай албайт экенсиң”, — дейт Малабекова.

Ал жаш кезинде алган буйрутмаларды кыска убакыт аралыгында бүтүрүп койчу. Азыр улгайган сайын алган буйрутмаларды жасоого көбүрөөк убакыт кетээрин айтат.

1 (5)

“Бир септи бүтүн бойдон алам. Анан 15-20 күндө бүтөм. Мурда кыздарым бар болчу, бат эле бүтүп койчумун. Азыр жалгыз тигем, картайган сайын жайыраак болуп калат”, — деп билдирди көл өнөрчү.

Малабекова жасаган буюмдардын айрымдарын белекке берсе, кээ бирин кыздын септерине кошуп берген учурлар да бар. Ал оймо-чиймелердин баарын өз оюнан чыгарып жасайт.

Ал Бакай-Атадан тышкары башка жерлерден да ар кандай буйрутмаларды кабыл алат.

1 (4)

“Ушул Бакай-Атанын тең жарымына эле сеп тигип койдум. Анткени келин болуп келгенден кийин эле сеп жасаганды үйрөнүп алгам. […] Калининден, Урмаралдан, Орловкадан келет. Уккандар ар жактан келе беришет”, — деди Малабекова.

Кол өнөрчү кошумчалагандай, кардарлары ага ыраазы болуп кетишет.

Даярдаган: Айчолпон Халмуратова

Запись опубликована в рубрике Без рубрики. Добавьте в закладки постоянную ссылку.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *