Бакай-Атада жыгач устачылык менен алектенген Маматтын өнөрканасы

IMG_6259
Мамат Сейитбеков Бакай-Ата айылында он жылдан ашуун жыгач устачылык менен алектенип келет. Анын өнөрканасы айылдагы төрт устакананын бири болуп саналат.

IMG_6260

“Бакай-Ата FM” жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары Мамат Сейитбековдун устаканасына баш багып, анын өнөрү менен таанышып келишти.

???????????????????????????????

Сейитбеков бул устаканасын сегиз жыл мурда ачкан. Ага чейин ал мектепте кол эмгек сабагын окутуп жүргөн.

IMG_6261

“Аталарым, чоң аталарымдын баары уста болгон”, — дейт ал.

IMG_6258

Ал жыгачтан ар кандай эмеректерди жасайт. Биз барганда Сейитбеков ящиктерди жасап жаткан экен.

“Ашканага жана башка бөлмөлөрдө колдонулган үй эмеректерин жасайм. Мындан тапкан каражатымды үйгө жана ижара акысына коротом”, — деп билдирди жыгач уста.

IMG_6264

Мамат уста жасаган бардык эмеректерин буюртмачыларга бергиси келбесин айтат.

“Бүт эмгегимди жасап бүткөн соң кардарга бергиң келбейт. Бүткөндөн кийин сүйүнөсүң. Эң негизгиси – жумуштун бүткөнү. Канча деген эмгек кетет”, — деген оюн айтты Сейитбеков.

IMG_6253

Анын эң узак убакытта жасаган эмереги эки айга созулган. Ал эки айын тепкич жасоого кетирген.

Баары биригип Сейитбековдун устаканасында беш адам иштейт.

Даярдагандар: Амантур Сейталиев, Аман Макышов, Белек Бавланкулов

Запись опубликована в рубрике Без рубрики. Добавьте в закладки постоянную ссылку.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *