Таласта төө буурчактын баасы арзан болууда

IMG-20150904-WA0005

Былтыркыга салыштырмалуу төө буурчактын баасы быйыл Таласта арзан болууда. Бакай-Ата айылынын тургундары кеткен мээнети жана чыгашасы акталбай жаткандыгын айтышат.

Өткөн жылдары төө буурчактын баасы 70-80 сомго чейин көтөрүлгөн болсо, быйыл бакай-аталыктар түшүмдөрүн 20-30 сомдон сатып жатышат.

Бакай-Ата айылынын тургуну Чолпонбай Орозов бир гектар жерге төө буурчак эгип өстүрүүгө кеткен чыгымды эсептеп чыгып, түшүмдөн тапкан кирешеси акталбай жатканын айтат.

“Бир гектар төө буурчакты негизинен трактор айдайт, тегиздейт, эгет. Калганын өзүбүз кылабыз. Адегенде биринчи суугарабыз, чөбүнөн арылуу үчүн жок дегенде эки жолу чабабыз. 10-15 күндүн ичинде сугарып туруу зарыл. Аркы берки эсебинен отуз миңден элүү миңге чейин чыгым кетет”, — дейт Орозов.

Анын айтымында, бир гектардан 1-3 тонна төө буурчак алууга болот. Эгер төө буурчакка болгон баа 30 сомдон көтөрүлбөсө, анда ал кеткен чыгымды актабайт, дейт Орозов.

“Быйыл түшүм жакшы болду. Бирок той аштар башталат, болбой эле сатыла берилет да. 25тен сатылса актабайт деле, билбейбиз эми кандай кыларыбызды”, — деп тынчсызданганын билдирет дыйкан.

IMG-20150904-WA0004

Айрым тургундар алган түшүмүн арзан баага сатпай, сактап тураарын айтат.

Бул боюнча бакай-аталыктар депутат, министрлерге кайрылганын, бирок эч кандай жооп ала электигин билдиришти.

Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы бул маселени жергиликтүү бийликтин чече албастыгын айтып, жогорку мамлекеттик кызматкерлерге кайрылууну сунуштады.

Даярдаган: Асан Сүйүтбеков

Запись опубликована в рубрике Без рубрики. Добавьте в закладки постоянную ссылку.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *