Наматбек айылында бала-бакча жетишсиз

Наматбек айылында мектепке чейинки билим берүү бала-бакча жок екен буга сиздин көз карашыңыз кандай?
Бала-бакча жок бизде азыр өзүңөр билген үч корпуздун бирөөсү бала-бакча болчу, бирөөсү үч жылдык мектеп болчу, андан кийин союз тарагандан соң бала-бакчаны жабууга туура келди. Балдар батпай калды бала-бакча жоктугу абдан еле кыйын. Бакай-Атага ата-энелер эртең менен туруп алып кезектешип бир унаага он чакты баланы салып кетишет, кечинде кайра алып келет.
Наматбек айылына бала-бакча курабыз деген үмүттөр барбы?

20150319_122543

Эми биз кичинесинен эмес чоңунан баштасак деп турабыз, кудай буйруса алдыда пландар бар типовой деп койот,чоң мектеп курсакпы деген үмүттөр бар,мектептин орду бар ошол жерге 150 орундук мектеп куруп алсак эки смендеп окушса 300-бала окуйтурган мектеп болуп калат,азыркы окуп жаткан эки мектеп тең бала-бакчага бошойбу деген үмүттөр бар. Пландарыбыз ишке ашса бала-бакча да мектеп да курабыз.

Наматбек айылында мектепке чейинки билим беруу бала-бакчасы жок экен буга сиздин көз карашыңыз кандай?

Наматбек айылында бала-бакча жогу биз үчүн абдан эле кыйын, эгер бала-бакча бар болсо бизге абдан жакшы болмок экен,бала-бакчанын жоктугу үчүн биз көп еле кыйынчылыкты тартып атабыз балдарыбызды Бакай-Атага алып барабыз.
Бакай-Атадагы бала-бакчага балдарды алып барыш үчүн кандай кыйынчылыктар жаралат?

20150319_124751

Бакай-Атага өзүбүздун чөнтөгүбүздөн алып барабыз.Бала-бакчага алып барганда кезектешип алып барабыз, жол болсо жаман,аң-дөн унаалары бузулат, унаасы жокторго кыйын эле.

Даярдаган: Сейтбеков Асан

Запись опубликована в рубрике Без рубрики. Добавьте в закладки постоянную ссылку.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *