25-ноябрда аялдарга карата зомбулукту жок кылуу үчүн күрөштүн эл аралык күнү белгиленет. Бул күнү «гендердик зомбулукка каршы 16 күн» деген аталышта БУУнун демилгеси менен уюштурулган ар жылдык акция башталат жана 10-декабрда Адам укугунун эл аралык күнүнө карата жыйынтыкталат. Ушунусу менен 16 күндүк кампания гендердик зомбулуктун тамырын кыюунун жана адам укугун илгерилетүүнүн ортосундагы ажырагыс байланышты символдоштуруп турат. Ушул компанияны алкагында кандай иш-чаралар болуп жататканын материалда маалымдайбыз.
Давлет Токтобеков, Талас шаарынын активисти, ал ушул акцияга активдүү катышып, мектеп окуучулар үчүн атайын дайындалган видеотасмаларды көргөзүп, кызыктуу талку өткөздүү. Акция Талас шаарындагы Чет тилдер багытындагы лицейдин 9, 10, 11 класстарынын окуучулары менен биргелекте өткөрүлдү.
«Балдар бул жолугушуларда активдүү катышып, өздөрүнүн ой-пикирлери менен бөлүштү. Бул жолугушулар позитивдүү таасир этет, анткени бул алдын алуу иш-чаралардын бири. Зордук зомбулуктун азайышынын бир себептери болот деп эсептеймин».
«16 күн гендердик зомбулукка каршы» кампаниясы мамлекеттин жана коомдун көңүлүн гендердик зомбулуктун көйгөйлөрүнө буруу максатында бардык дүйнө жүзү боюнча 153төн ашык өлкөдө өткөрүлөт. Бул акциядан четте калбай, Бакай-Ата районунун башкармалыгы дагы катышты. Коомчулукка маалымат жеткизүү максатында, райондук масштабта чогулуш өткөзүлүп, алдын алууга карата жүрүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.
Эл аралык серепчилер Кыргызстанда бул багытта күчтүү мыйзамдык база бар экендигин, бирок ал толук иштей албай жаткандыгын, эң биринчи эле себеп, бул жабыркаган адамдардын пассивдүүлүгү менен байланыштырышкан. Алар жабыркоочулар көп учурда укук коргоо органдарына кайрылышпастан, зордук-зомбулук турмушка чыдап жашап же болбосо ажырашып кетип жаткандыгын белгилешкен.
Үй-бүлөлүк зордук — зомбулуктун курмандыгына 58 пайыз аял кабылса, 18 пайызы жаш балдар жана 13 пайызы кары-картаңдар,7 пайызы эркектер. Кыргызстан эгемендүү демократиялык өлкө, адам укуктарын коргогон бир топ институттар бар, Женева Конвенциясына киребиз. Ар бир кылмыш мыйзам чегинде жазаланып, күнөөлүүлөр сот алдында жооп бериши керек.