Элеттик айымдар үчүн шайлоого даярдык тууралуу түз эфир болуп өттү. Эфирдин коногу болуп, «Ата-Мекен» партиясынын лидери Азиз Курамаев катышты. Программа социалдык тармакта түз эфирге чыкты.

Азиз Курамаев
Жаңы кабыл алынган айылдык кенештерде аялдар учун 30% квотаны камсыз кылуу боюнча мыйзам жөнүндө сөз козголду, ошондой эле шайлоо системасы жана үгүт иштерин алып баруу боюнча маалымат айтылды. Коноктун айтуусу боюнча, аялдардын саясат келүүсү абдан маанилүү. Маданий жана социалдык маселелер көп учурда айымдар тарабынан козголуп, чечилет.
Эскерте кетсек, «Демократия сааты» уктуруусу Фридрих Эберт фондусу тарабынан каржыланат.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова