Улуттук көчмөндөр оюнуна ыктыярчылар даярдалууда

Биринчи жолу Улуттук көчмөндөр оюндары Талас өрөөнүндө өтөт. Бул маарекеге абдан катуу жана чөн даярдык көрүлдү. Оюндарга карата ыктыярчылар даярдалып окуудан өтүштү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги атайын Талас жаштарынын арасынан татыктуу ыктыярчыларды тандап, бир нече күндүк окутууларды уюштурду. Окуутунун алкагында 150 ыктыярчы биринчи жардам, Талас облсунун тарыхы жана көчмөндөр оюндары деген темалар боюнча лекцияларга катышышты. 

Тандалган ыктыярчылар бир жума аралыгында 4 топ менен иштешет, бул журналисттер, туристтер жана спортсмендер. Чет жактан келген туристер үчүн чет тилдерди билген ыктыярчылар тандалган. Андан тышкары 2018 жылы Көчмөндөр оюнуна катышкан ыктыярчылар дагы болот.

Жаштар үчүн атайын футболка, кепка жана бейджиктер даярдалды. Түшкү тамактануусун жана Талас облусунун ичинде жол маселесин Агенттик каржылайт. Ошондой эле ыктыярчылар менен келишим түзулөт.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова

Запись опубликована в рубрике Без рубрики. Добавьте в закладки постоянную ссылку.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *