Талас облусунун Бакай-Ата району боюнча 21 мектеп жана 15 бала бакчасы бар. 2019 жылдын апрель айында, мектеп мугалимдери жана бала-бакча тарбиячылар үчүн кароо-сынактар болуп өттү.
13 апрель 2019 жылы райондук мектептер арасында «Жыл мугалими 2019» кароо сынагы уюштурулуп, гран приге ээ болгон мугалим облустук кароо-сынака жолдомо алды. Жыйнтыгында Боо-Терек айылынын «Б.Сатыбеков» атындагы орто мектебинин мугалими гран прини утуп алды. Сынактын турлары: биринчи предметтик сабакты өтүп беришти, экинчи турда мугалим өз өнөрүн тартуулады, андан кийин педагогигалык концепциясын жакташты, партфолияларын карап чыгып тесттен өтүштү.
17 апрель күнү бала бакчалар үчүн дагы, «Жыл тарбиячысы 2019» кароо сынагы болду. Жыйынтыгында өзгөчө сыйлык катара «Ыйман» бала бакчасы, III орунга «Баластан», II орун Ак-Дөбө айыл аймагынын «Ак-Дөбө 1»жана «Гүлзар» бала бакчалары, I орунга болсо «Наристе» бала бакчасы ээ болсо, гран-прини жана облустук сынакка катышуу жолдомосун «Ж.Сооронкулова» балдар бакчасы алды.
Ошондой эле, мугалимдер жана тарбиячылар ар ай сайын облустук жана республикалык семинар-тренингтерде катышып, жаңы окуу куралдарын колдонуу ыкмаларын үйрөнүшөт.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова
Сүрөттөрдүн автору: Бообек Чүкөтаев