Бакай-ата айылынын тургундары үчүн төө бурчактын баасы төмөндөшү өтө оорчундуу маселени жаратууда. Дыйкандардын айтымына караганда, төө бурчактын баасы былтыркы жылы 110сом болсо, бүгүнкү күндө 55сом болууда, -дейт Момункул байке.
“Былтыр төө бурчактын баасы жакшы болгон. Анткени 120сомго чейин чыккан. 100сомдон 110сомдон өткөзүп баары жакшы жашоодо жашашты. Быйыл ошонун жарымына да жеткен жок.”
Бакай-Ата айылынын төө бурчакалуучу жайдын адиси Султан Осмоналиев 5 жылдан беери төө бурчак менен иштейт. Анын айтымына караганда төө бурчактын баасы кымбат болгону ага да жакшы, элге да жакшы.
“Анткени мурда фирмалар көп болчу. Турциядан түрк бизнесмендер келип мага, мынча баа менен алып бересин дейт. Мен болсо ошол баа менен алып берем. Мисалы 70сом болгондо мага 71сомго берет. Бакай-Ата төө бурчагынын сапаты жакшы. Башка айылдарга караганда 2-3эсе жакшы. Болгондо быйыл жаан жыл болуп эле сары болуп калды,-“дейт Султан Осмоналиев.
Азыркы убакта Таластын төө бурчагы жыйырмадан ашык мамлекеттерге экспорттолот. Анын ичинде Болгария, Турция, Россия жана башка өлкөлөр бар.
Жаңылыкты даярдаган Бакай Сапаралиев.
Бакай-Ата жамааттык мультимедиа борбору.