Декларация тууралуу маалыматы жок элеттик келиндер

   Мал — мүлк, байлык, экономикалык киреше, кыймылсыз мүлк -бул
нерселерге элеттик келиндер анчейин маани бере беришпейт. Ал эми
бирдиктүү салык деклорациясы, деген эмне?

      Z0000008 - My Recording

Ушул материалда, айымдар декларация тууралуу эмне билиш керек экендигин айтып беребиз. Бакай-Ата айылынын келиндери, бирдиктүү салык декларациясы тууралуу эмне билишет? — деген суроого, 4 айымдын оюнан бирде жооп уга алдык. Айылдык келиндер декларация тууралуу маалыматтары жок жадагалса ал эмне экенин билишпейт.

Чыңгыз Субанкулов, атын өзгөртүүнү суранган мырза, Бакай-Ата айылынын тургуну, ал үй-бүлөөнүн мал-мүлкү аялдарга таандык болсо кандай болот деген
суроого жооп узатты.

«Декларациянын аялым толтурбайт, ал жөн гана  үйдө отуруп бала чака менен алек. Негизи аял кишинин орду үй, каза-аяк, оокат-аш. Аларга декларация кереги эмне. Акчага аял киши аралашпаш керек. Декларация, мал-мүлк тууралуу баары менин жоопкерчилигимде».

2017-жылдын 1-январынан тартып кыргызстандыктар үчүн Бирдиктүү
салык декларациясын (БСД) тапшыруу жараяны башталган. Бул бир жылдык
отчет. Ар бир субъект 12 айдын аралыгындагы кирешеси менен чыгашасы
боюнча маалымат берет. Максаты — жарандын экономикалык жана башка
ишмердүүлүгү жана ага таандык мүлк тууралуу маалымат алуу. Муну менен
бирге коррупциянын алдын алууга багытталат. Дариха Бердикеева Талас шаарынын салык кызматынын инспектору, ал декларация тууралуу кошумча маалымат айтып
өттү.

«Салыктык отчет болуп эсептелет, анын максаты субьектилердин экономикалык ишин жер участогу болобу, экономикалык маалыматты берүү болуп эсептелет. Декларацияны уюмдар, жеке тараптар жана мамлекеттик кызматкерлер тапшырышы керек.  Декларация тапшырылбаса, айып пул салынат. Мамлекттик кызматкерлерге 1000 сом, жеке тараптарга 1000 сом жана уюмдарга 3000 сом».

Элеттик айымдардын мал-мүлк менен кызыкпагандыктары, көп
учурда алардын экономикалык укутарын бузулушуна алып келиши
мүмкүндүгүн адистер белгилешет. Ар бир үй-бүлө калыптанышына, бир
гана мырзалардын эмес, аялдардын дагы салымы бар. Кыргызстандын ар бир жарааны, эрекек болобу же аялбы, өз укутарын билип, өзүнө тийиштүү мал-мүлк тууралуу декларацияны тапшыруусу зарыл.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова

Рубрика: Без рубрики | Метки: , , | Оставить комментарий

Элет жеринде тең укуктуулук сакталабы?

   Ааламга жол айылдан башталат – деген жакшы макал бар, адам өсүп өнүгүү жолун тандап, келекчекти ойлосо, биринчи эле элет жеринен башташы керек. Гендердик тең укуктуулук, айылда абал кандай?

      120610_004 - My Recording

Гендердик теңсалмактуулук айыл өкмөттөрдө сакталабы? Жергиликтүү
кеңеш айымдардын жана эркектердин укутарын бирдей сактайбы? Жана аны
жайылтууда, кандай шарттарды түзөт? Ушул суроолорго жооп
издейли. Марат Ниязалиев, мамлекеттик органдарда тажрыйбалуу
кызматкер. Азыркы учурда Талас облусунун Талас районундук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси, бул тууралуу ал өз оюн айтты.

«Касыл тургун болбосун, анын Конституциядагы укуктарын сакталышына, кепилдигине шарт түзүп беришине милдетүү, мындан тышкары мыйзам бар, Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам. Ошону дагы биздин юстиция башкармалыгы менен биргелешип ишке ашырып жатабыз».

Ар бир адам эч кандай айырмачылыгына, расасына, терисинин
түсүнө, жынысына, тилине, динине, саясий же башка ынанымдарына,
улуттук жана социалдык тегине, мүлктүк, тек-жайлык же башка абалына
карабастан бардык укуктарга жана бардык эркиндиктерге ээ болууга тийиш.
Бектур Медетов, Таластагы жараандык активист, ал элет жериндеги тең укуктуулук боюнча кандай пикирде?

«Негизи Кыргызстандын жараандарына, аял болобу, эркек болобу, бирдей шарттар тузүлүшү керек. Андан тышкары дагы жергиликтүү бюджетти дагы эки категориянын муктаждыктарына жараша кызматтарды дагы көрсөтүш керек. Аялдардын, кыздардардын көндүмдөрүн өстүрүүсүнө көп көңүл бурушубуз керек».

Көп учурларда кагаз жүзүндө, идеалдуу жашоо жазылат. Айыл
жергесинде жергиликтүү кеңеш тең укуктуулук боюнча иш алып барат,
активисттер дайыма ар кандай тегерек столдорду өткөзөт бул тема тууралуу,
бирок чынында айылдарда абал кандай. Үмүт Исманалиева үй кожейкеси, анын айтымында аялдар күнүмдүк тиричилик менен күнү өтүп, жергиликтүү башкаруу органдардан эч кандай жардам жок.

Жергиликтүү деңеелде өздөрүнүн укутары жөнүндө анча маани
беришпейт жана ойлонушпайт деле. Айыл өкмөт жана жергиликтүү кеңеш
элет жеринде аялдардын жана эркектердин укутарын теңөөдө абдан
маанилүу орган. Тең укутуулукту талап кылган бир нече эл аралык жана дүйнөлүк документтер бар. Ошол тууралуу дайыма ар бир жараан билүүсү зарыл.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова

Рубрика: Без рубрики | Метки: , , | Оставить комментарий

Эрте никеге туруу, кыздардын ден-соолугуна зыян

    Талас облусу боюнча 2019 жылдын 11 ай ичинде 17 эрте никеге туруу фактысы катталган. Мындай жаш үй-бүлөөлөр инспекторлордун жана соц.адистердин дайыма көзөмөлүндө турат. 

      120530_003 - My Recording

Динара Сарногоева — Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкери

Динара Сарногоева, Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын пресс катчысы, анын айтымында, эрте никеге туруу өлкөбүздүн өнүгүсүүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

«Бизде жаш өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлор бар, имамдарды, молдолорду, нике кыйганда каттоо китебине жазышат.Ошолорду текшерип, мыйзам бузуучулуктарды аныктап чыгышат».

 

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин мыйзамы боюнча аялдарга жана эркектерге никеге турууга  18 жаштан уруксат берилет. Эрте никеге турууну алдын алуу боюнча, айыл жергесинде кандай иштер аткарылат, бул туралуу Өзгөрүш айыл аймагынын социалдык маселелер боюнча адиси Рахат Кенесариева айтып берди.

«Биз аялдар кеңеши менен, аксакалдар кеңеши, имамдар, мектептер  менен биргелекте иш-чалраларды өткөзөбүз, эрте никеге туруу фактыларын болтурбоо үчүн. Анткени алар жалпы элдер менен тыгыз иш алып барат. Мектептерде ачык эшик күндөрүн өткөзөбүз, ушул жаш өспүрүмдөргө түшүндүрүү максатында».

Кыргызстандын мыйзамдарында кызды жашы жете элек куракта, тагыраагы 18 жашка чейин мажбурлап күйөөгө берүү, ала качуу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылары жазылган. Мындай шартта нике күбөлүгүн алып расмий катталбай эле, мыйзамды кыйгап өтүп диний жөрөлгөлөрдү жасап, молдого нике кыйдырып алып жашаган “амалдуулар” да жок эмес. Азыркы убакытта, дин кызматкерлерине атайын чектөөлөр коюлган. Алар бир гана нике күбөлүгүн көргөндөн кийин гана, нике кыйууга уруксат.

Коом, дин жана мыйзамда гана эмес, медицина жаатында дагы эрте никеге туруу  даарыгерлердин айтымында, жашы жете элек кыздардын организими эне болууга көп учурда даяр эмес. Бул маселе менен бир гана мамлекеттик органдар эмес, ошондой эле мамлекеттик эмес органдар иш алып барууда. 

Турмушка чыккан жаш кыз, бул потенциалы ишке ашпай турган секелек кыз. Ата-энелер жана коомчулук өз кыздары үчүн баардык шарттарды түзуп берүү керек. Бир гана биргелешип, жаш балдардын никеге туруусун токтото алабыз.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова

Рубрика: Без рубрики | Метки: , | Оставить комментарий

Бакай-Ата районунда зордук зомбулука каршы иш аракеттер

25-ноябрда аялдарга карата зомбулукту жок кылуу үчүн күрөштүн эл аралык күнү белгиленет. Бул күнү «гендердик зомбулукка каршы 16 күн» деген аталышта БУУнун демилгеси менен уюштурулган ар жылдык акция башталат жана 10-декабрда Адам укугунун эл аралык күнүнө карата жыйынтыкталат. Ушунусу менен 16 күндүк кампания гендердик зомбулуктун тамырын кыюунун жана адам укугун илгерилетүүнүн ортосундагы ажырагыс байланышты символдоштуруп турат. Ушул компанияны алкагында кандай иш-чаралар болуп жататканын материалда маалымдайбыз.

      120525_003 - My Recording

Давлет Токтобеков, Талас шаарынын активисти, ал ушул акцияга активдүү катышып, мектеп окуучулар үчүн атайын дайындалган видеотасмаларды көргөзүп, кызыктуу талку өткөздүү. Акция Талас шаарындагы Чет тилдер багытындагы лицейдин 9, 10, 11 класстарынын окуучулары менен биргелекте өткөрүлдү.

«Балдар бул жолугушуларда активдүү катышып, өздөрүнүн ой-пикирлери менен бөлүштү. Бул жолугушулар позитивдүү таасир этет, анткени бул алдын алуу иш-чаралардын бири. Зордук зомбулуктун азайышынын бир себептери болот деп эсептеймин».

«16 күн гендердик зомбулукка каршы» кампаниясы мамлекеттин жана коомдун көңүлүн гендердик зомбулуктун көйгөйлөрүнө буруу максатында бардык дүйнө жүзү боюнча 153төн ашык өлкөдө өткөрүлөт. Бул акциядан четте калбай, Бакай-Ата районунун башкармалыгы дагы катышты. Коомчулукка маалымат жеткизүү максатында, райондук масштабта чогулуш өткөзүлүп, алдын алууга карата жүрүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Эл аралык серепчилер Кыргызстанда бул багытта күчтүү мыйзамдык база бар экендигин, бирок ал толук иштей албай жаткандыгын, эң биринчи эле себеп, бул жабыркаган адамдардын пассивдүүлүгү менен байланыштырышкан. Алар жабыркоочулар көп учурда укук коргоо органдарына кайрылышпастан, зордук-зомбулук турмушка чыдап жашап же болбосо ажырашып кетип жаткандыгын белгилешкен.

Үй-бүлөлүк зордук — зомбулуктун курмандыгына 58 пайыз аял кабылса, 18 пайызы жаш балдар жана 13 пайызы кары-картаңдар,7 пайызы эркектер. Кыргызстан эгемендүү демократиялык өлкө, адам укуктарын коргогон бир топ институттар бар, Женева Конвенциясына киребиз. Ар бир кылмыш мыйзам чегинде жазаланып, күнөөлүүлөр сот алдында жооп бериши керек.

Рубрика: Без рубрики | Оставить комментарий

Важный шаг для ребенка, выбор правильной профессии

Каждому человеку рано или поздно приходится выбирать профессию. В молодости с выбором легко ошибиться, а сделанную ошибку бывает непросто исправить. Нелюбимая работа в конечном итоге перестает удовлетворять не только морально, но и материально. Как же выбрать для себя дело, которое будет и по душе, и по плечу?

      120516_002 - My Recording

И сегодня мы с вами будем говорить о правильном  родительском подходе, при выборе профессии для сыновей. Чего они хотят сами, и чего хотят родители для них.

В каждой кыргызской семье,  особое отношение к сыновьям. Мальчик продолжитель рода, ему необходимо заботиться о своих родителях. Но всегда ли родители помогают своим сыновьям,  с выбором профессии, которая нравится их детям? В этом сюжете мы расскажем о мальчике, чью мечту о любимой профессии поддержали родители. Это Адилет, он ученик 11 класса. В настоящее время один из самых лучших визажистов города Таласа.

«Можно объяснить тем, что мне нравиться рисовать, мне нравиться делать людей красивыми. Для парней это как бы «не стоит», не мужская работа, но я человек упрямый. Я все таки взял вверх. Я буду работать, мне нравиться и буду дальше продолжать развивать себя в этой сфере»,- очень гордо рассказывал Адилет нам о своей работе.

Что влияет на выбор профессии? Какие факторы обуславливают выбор человеком той или иной профессии? На практике оказывается, что склонности учитываются в последнюю очередь, а вот мнение родителей оказывает огромное влияние. Айжамал Шамбетова, мама Адилета. Она поддерживает выбор своего сына, и по ее словам, если человек занимается тем, что он любит, то результат всегда будет отличным.

«Я принимаю выбор своего сына, я поддерживаю, я верю что когда-то она станет самым лучшим в своей профессии. Поддержка родителей дает ребенку крылья, дает ему твердую почву под ногами. Если он знает, что в любом случае мы его ждем, в любом случае мы его примем, я думаю он будет успешным».

В современном мире очень много разных профессии, их число с каждым днем растет. Но в настоящее время, в нашем обществе есть понятие,  что та, или иная профессия относиться к определенному полу. Из за таких стереотипных понятий, мальчики зачастую не могут реализовать свои мечты.  Об этом говорит гендерный эксперт Римма Султанова. По ее словам, есть ряд законов, которые защищают выбор ребенка и дает ему право на выбор. 

Согласно данным исследавателей 47% жителей планеты не работают по специальностям, которым обучались в ВУЗе. Самые популярные направления будущего года – информационные технологии, маркетинг, медицина и журналистика. Каждый родитель должен поддерживать своего ребенка и всегда верить в него, ведь вера родителя – это большая сила для подрастающего поколения. 

Подготовила: Айжамал Кубанычбекова 

 

Рубрика: Без рубрики | Метки: , , | Оставить комментарий

Кесиптик бирликтер деген кандай уюм?


Кыргыз Республикасындагы кесиптик бирликтер. Кесиптик бирликтер — өз мүчөлөрүнүн эмгектик жана социалдык — экономикалык укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо үчүн түзүлүп, өндүрүштүк кызыкчылыктардын жалпылыгынын негизиндеги жарандардын ыктыярдуу коомдук бирикмелери.

Он төрт жаш курагына толгон жана иштеген ошого тете пенсионерлер ыктыярдуу кесиптик бирликтерди түзүүгө Уставдын талаптарын сактаган шартта кесиптик бирликтерге кирүүгө укуктуу. Кисиптик бирликтер үч же анлан ашык киши иштеген ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда түзүлөт.

Кесиптик бирликтер көз карандысыз жана мыйзамга гана баш иет. Алар мамлекеттик бийлик органдарына,  жумуш берүүчүлөргө, саясий партияларга жана башка коомдук уюмдарга отчет бербейт жана алар тарабынан контролдонбойт.

Кесиптик бирликтердин ишмердүүлүгү жана ыйгарым укутары тууралуу түз эфир өткөрүлдү. Конок болуп Ашимбек Сатарович, Талас облустук Профсоюздар уюмунун юристи катышты.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова

Рубрика: Без рубрики | Метки: , , | Оставить комментарий

Элеттик айымдарды шайлоого даярдоо

Элеттик айымдар үчүн шайлоого даярдык тууралуу түз эфир болуп өттү. Эфирдин коногу болуп, «Ата-Мекен» партиясынын лидери Азиз Курамаев катышты. Программа социалдык тармакта түз эфирге чыкты.

Азиз Курамаев

Жаңы кабыл алынган айылдык кенештерде аялдар учун 30% квотаны камсыз кылуу боюнча мыйзам жөнүндө сөз козголду, ошондой эле шайлоо системасы жана үгүт иштерин алып баруу боюнча маалымат айтылды. Коноктун айтуусу боюнча, аялдардын саясат келүүсү абдан маанилүү. Маданий жана социалдык маселелер көп учурда айымдар тарабынан козголуп, чечилет.

Эскерте кетсек, «Демократия сааты» уктуруусу Фридрих Эберт фондусу тарабынан каржыланат.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова

Рубрика: Без рубрики | Метки: , , , | Оставить комментарий

«Несломленные» поделились историей успеха

Накануне в Таласе прошло одно из самых масштабных молодежных мероприятий под названием «Жаштар Кэмп». Главным организационным партнёром в Таласе выступил ОО «Таласский областной Совет молодежи (ТОСМ)».

В качестве спикеров были приглашены 12 экспертов в различных сферах. Среди гостей были:

  • Депутат- Жанар Акаев.
  • Бизнесмены -Темирлан Сарлыкбек уулу, Миргазы Оморов, Чынара Тынысова.
  • Активисты- Айкут Конушбаев, Максат Чакиев.
  • Спортсмены- Адилет Камчыбеков,
  • Журналисты- Альбина Сулайманова и Рахат Асангулова.
  • Актер- Бектемир Мамаюсупов.
  • Представители ООН — Алагоз кызы Гулнур, Эрматова Айдана и другие.

Каждый из них рассказал о своем пути успеха. У каждого из них были сложности и преграды. Каждому есть о чем сожалеть,но трудности их не сломали,а сделали только сильнее. Так например, бизнесмен Темирлан Сарлык уулу купил оборудование на 150 тысяч долларов и открыл свое заведение. Но,к сожелению,его бизнес отобрали.

Для спикера это стало большим испытанием. Он горевал, друзья старались его утешить. Темирлан Сарлыкбек уулу каждый день готовил для друзей козу гриль. Однажды он понял, что национальное блюдо может иметь успех. Так зародился бренд «Козу гриль». После этого наш герой открыл ещё несколько успешных дел,написал 4 книги и объездил почти весь мир.

Депутатам тоже есть о чем сожалеть. Жанар Акаев простой парень из обычной семьи. Он вел активную студенческую жизнь. Это помогло ему легко устроиться на работу в «Азаттык».

Нардеп поделился,что однажды он был на съёмках в Германии и встретил Ангелу Меркель. Журналист мог бы завоевать авторитет среди коллег,если смогу бы взять интервью у главы Германии. Но Жанар не смог этого сделать так как не знал английского языка. Это его большое сожаление. Всем участникам Жаштар Кэмп он порекомендовал с учить английский.

Актер Бектемир Мамаюсупов с раннего детства мечтал путешествовать. Но он тоже был из простой семьи. У родителей не было возможности отправлять его зарубеж. Но он нашёл выход.

В детстве он участвовал на детских международных фестивалях. Позже подавал документы на бесплатное обучение в заграничные ВУЗы. Таким образом он побывал во многих странах. Позже начал актерскую карьеру.

Паралимпиец Адилет Камчыбеков вызывает огромное уважение. Он призер международных чемпионатов. Его главная цель привлекать людей с ограниченными возможностями здоровья к спорту.

Активист Айкут Конушбаев рассказал о самых востребованных профессиях в мире и о цифровизации.

Каждый спикер отметил, что нельзя сдаваться при трудностях и нужно приложить все усилия для процветания нашей страны. Участники мероприятия смогли задавать спикерам интересующие вопросы и получить полноценные ответы. Как гости так и организаторы отметили,что подобные мероприятия необходимы для молодежи Таласа.

Материал подготовлен командой ОО «ТОСМ»

Рубрика: Без рубрики | Метки: , , , | Оставить комментарий

Насыя (кредит) алууда эмнеге көңүл буруу керек?

Банк же башка финансы-кредит уюму карыз алуучуга ар кандай максаттарга убактылуу пайдаланууга сунуштаган акча каражатынын суммасын кредит деп түшүнүү зарыл. Биздин убакытта насыя алуу менен жараандар көптөгөң муктаждыктарын чечип алат. Насыя (кредит) алууда эмнеге көңүл буруу керек?

Кредит алууда, ар бир жараан өз укутарын билип туура жолду тандаш керек.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова

 

Рубрика: Без рубрики | Метки: , , , , | Оставить комментарий

Стартовал информационно-правовой проект «Мир начинается с твоих прав»

«Мир начинается с твоих прав» — это проект, в котором примут участие слушатели общинного радио “Бакай-Ата Fm”. Проект реализуется с сентября по декабрь месяц, командой общинного радио. В ходе проекта будут подготовлены  ток-шоу в прямом эфире и материалы на сайт Ассоциации Общинных СМИ (kyrgyzmedia.com) 

Проблемы насилия и гендерного неравенства в нашей стране остается одним из глобальных. Женщины из различных социально-экономических групп с разными культурными, этническими и религиозными корнями, уровнем образования становятся жертвами домашнего насилия. Насилие –грубое нарушение прав человека – является основной причиной смертности и инвалидности среди женщин в возрасте 16-44 лет в мировом масштабе. Зачастую такие же проблемы встречаются и в отдаленной сельской местности. 

Данный Проект направлен на предупреждение и профилактики семейно-бытового насилия в семье, улучшению гендерного баланса как в семье, так и в обществе. Проект будет призывать граждан уделять приоритетное внимание борьбе с насилием в отношении женщин и девочек и принять всесторонние меры для борьбы с таким насилием. Проект поможет донести тему прав человека до слушателей отдаленных регионов страны.

         Руководитель проекта Айжамал Кубанычбекова является победителем в международном конкурсе индивидуальных мини-грантов для молодежи (Youth Action Fund), финансируемой программой «Молодежные инициативы» — Фондов открытого общества (г. Нью-Йорк) через молодежную программу Фонда «Сорос- Кыргызстан». 

 

Рубрика: Без рубрики | Оставить комментарий